1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

20

Технология жана көркөм өнөр предметинен "Кийиздер менен иштөө технологиясы" 

Педагогикалык колледжинин окутуучусу Жолдошова Мавлюда эжеке Технология предметинин алкагында Педагогикалык колледжинин БКМК-04-24 тайпасынын студенттери үчүн Жалал-Абад колледжинин тигүү цехтерине экскурсиялык сабак уюштурулду. Экскурсиянын негизги максаты студенттерди тигүү өндүрүшүнүн ишмердүүлүгү менен тааныштыруу, алардын кесиптик билимдерин тереңдетүү жана технологиялык процесстер жөнүндө кеңири түшүнүк берүү болду.

Ошондой эле студенттерге заманбап тигүү машиналарынын иштөө өзгөчөлүктөрү көрсөтүлүп, өндүрүштөгү эмгек коопсуздугу жана сапатты көзөмөлдөө талаптары жөнүндө маалымат берилди. Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, адистердин тажрыйбалары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.