1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

27

Жаш окутуучулар менен насаатчынын иши — кесиптик өсүшкө карай маанилүү кадам. 

Педагогикалык колледжде жаш окутуучуларга усулдук жардам көрсөтүү иштери жургузулду . насаатчылык жаңыдан эмгек жолун баштаган педагогдордун билим берүү процессине ийгиликтүү көнүгүшүнө, кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүшүнө жана өз кесибинде мыкты адиси болууга жардам берет .

Насаатчы Токтогулова Зина Абдыкасовна жаш окутуучу Эрмамат уулу Жаныбекке методикалык жардам көрсөттү.Жаныбекке сабактарды пландоого, окуу документтерин түзүүгө, сабактарга өз ара катышуу жана талдоо жүргүзүүгө , заманбап билим берүү технологияларынын пайдаланууга, ачык сабактарды өткөрүүдө колдоо көрсөттү.

Өзгөчө көңүл педагогикалык чеберчиликти өнүктүрүүгө, окутуунун активдүү усулдарын колдонууга жана билим берүү процессинде санариптик технологияларды пайдаланууга бурулду. Жаныбекке студенттер менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү уюштуруу жана жагымдуу билим берүү чөйрөсүн түзүү боюнча практикалык сунуштар берилди.

Бул кызматташтык формасы жаңыдан иш баштаган педагогдордун кесиптик калыптанышына, окутуунун сапатын жогорулатууга жана колледждеги педагогикалык тажрыйбанын жогорулашын бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Насаатчынын иши жаш адистердин өз ишмердүүлүгүнө болгон ишенимин арттырып, үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүгө умтулуусуна жардам берет.