1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

16

Акыркы сабак – Келечек тарбиячыларга ак жол!

Бүгүн Мектепке чейинки билим берүү адистигинин МЧББбк-2-23 тайпасынын студенттери үчүн акыркы сабак өткөрүлдү. Сабактын жүрүшүндө студенттер окуу жылдарында алган билимдерин, кесиптик көндүмдөрүн жана жетишкендиктерин эскеришти.

Мектепке чейинки билим берүү – чоң жоопкерчиликти жана чыгармачылыкты талап кылган кесип. Студенттерибиз теориялык билим менен катар практикалык тажрыйбага ээ болуп, келечекте балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө салым кошо турган адис болуп калыптанышты.

Бүтүрүүчүлөрүбүзгө кесиптик жолунда ийгиликтерди, чыгармачылык изденүүнү жана бийик жетишкендиктерди каалап эстелик учун сыйлык берилди. Ар дайым өз кесибин сүйгөн, балдардын жүрөгүнө жол таба алган мыкты педагогдордон болушсун!