1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

28

Насаатчылык – ийгиликтүү педагогикалык старттын негизи

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Б. Осмонов атындагы Педагогикалык колледжинде тажрыйбалуу окутуучулар менен жаш адистердин ортосундагы насаатчылык (менторлук) системасы ийгиликтүү иш алып барууда. Бул багытта "Башталгыч класс мугалимдерин окутуу" (БКМ) адистигинин тажрыйбалуу окутуучусу Маккамбай кызы Райкан жаш адис Равшан кызы Айкокулго насаатчылык кылып, өзүнүн көп жылдык бай тажрыйбасы менен бөлүштү.

​Насаатчылык иш-аракеттеринин алкагында жаш окутуучуга төмөнкү багыттар боюнча үзгүлтүксүз методикалык жардамдар көрсөтүлдү:

​Окуу-усулдук иштер: Сабактардын календардык-тематикалык пландарын түзүү, заманбап усулдарды колдонуу жана сабактын конспекттерин сабаттуу иштеп чыгуу;

​Инновациялык усулдар: Башталгыч класстардын болочок мугалимдерине "Эне тили жана аны окутуунун методикасы" предметтерин өтүүдө интерактивдүү технологияларды, критикалык ой жүгүртүү стратегияларын жана студенттердин логикалык кабыл алуусун өстүрүүчү ыкмаларды колдонуу;

​Дал келүүчүлүк тесттери: Квалификациялык талаптарга ылайык, студенттердин билим деңгээлин баалоо үчүн дал келүүчүлүк (шайкештик) тапшырмаларын жана заманбап баалоо куралдарын туура түзүү жолдору;

​Илимий-изилдөө жана тарбиялык иштер: Студенттердин педагогикалык практикасын уюштуруу, куратордук сааттарды өткөрүү жана методикалык баяндамаларды даярдоо.

​"Жаш адиске багыт берүү — бул келечектеги кесипкөй мугалимдерди даярдай турган кадрларды калыптандыруу дегендик. Равшан кызы Айкокул өзүнүн изденүүчүлүгү, жаңылыкка умтулгандыгы жана жоопкерчиликтүүлүгү менен айырмаланган келечектүү окутуучу," — деп билдирди насаатчы Маккамбай кызы Райкан.

​Мындай насаатчылык иштери жаш окутуучунун педагогикалык чеберчилигин арттырып, колледждин билим берүү сапатын жогорулатууга өзгөчө салымын кошот. Жаш кесиптешибиз Равшан кызы Айкокулдун мындан аркы илимий жана педагогикалык иштерине албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!