1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

16

МЧББ адистигинин мамлекеттик практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы өттү.

2026-жылдын 29-май күнү  Педагогикалык колледжинде Мектепке чейинки билим берүү  адистигинин 3-курсунун бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик практикасын жыйынтыктоочу конференциясы ийгиликтүү болуп өттү.

Конференциясынын негизги максаты

студенттердин кесиптик даярдыгынын деңгээлин аныктоо;

теориялык билимдерди практика менен айкалыштыруу жыйынтыктарын баалоо;

мыкты тажрыйбаларды жайылтуу жана бөлүшүү;

студенттердин өз алдынча иштөө, анализдөө жана жыйынтык чыгаруу жөндөмдөрүн өнүктүрүү;

келечектеги кесиптик ишмердүүлүккө даярдыгын бекемдөө.

Практика жетекчилери  А. К. Кыргызбаева, А. Б. Маматова жана В. А. Галдыбаева студенттердин бала бакчалардагы иш кагаздарын, ачык сааттарды жана тарбиялык иш-чараларды уюштуруу деңгээли тууралуу кыскача отчет берип, ар бир бүтүрүүчү өзүн чыныгы педагог катары көрсөтө алганын сыймыктануу менен баса белгилешти.

ЖАМУнун өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн башчысы Н.С. Жолдошалиева студенттердин даярдыгын жогору баалап, жумуш берүүчүлөрдүн талабына төп келген адис болуп жетилишкенин белгиледи.