1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

5 часов назад

11

“Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрү” темасында подкаст-сабак өткөрүлдү

Педагогикалык колледжде БКМк-4-25 тайпасында “Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрү” темасында заманбап форматтагы подкаст-сабак уюштурулду. Сабакты окутуучу А. Кубанычбековна өткөрүп, студенттердин чыгармачылык жана аналитикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду.

Подкаст форматындагы сабакта студенттер алып баруучу жана эксперт катары катышып, Кытай, Япония, Түштүк Корея, Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөр тууралуу кызыктуу маалыматтарды сунушташты. Ошондой эле бүгүнкү күндөгү Улуу Жибек жолунун таасири, мамлекеттер аралык байланыштагы орду, соода-экономикалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү мааниси тууралуу кеңири талкуу жүргүзүлдү.

Сабактын жүрүшүндө студенттер:

  • өз оюн эркин айтууга,
  • маалыматтарды талдоого,
  • изилдөө жүргүзүүгө,
  • команда менен иштөөгө үйрөнүштү.

Подкаст-сабак жандуу жана интерактивдүү форматта өтүп, студенттер тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынды. Мындай инновациялык сабактар студенттердин билимге болгон кызыгуусун арттырып, заманбап окутуу ыкмаларын натыйжалуу колдонууга өбөлгө түзөт.