1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

22

Өзүмө кат интерактивдүү ыкмасы аркылуу студенттердин рефлексиялык көндүмдөрүн өнүктүрүү.

Педагогикалык колледжде заманбап педагогикалык талаптарга ылайык инновациялык жана интерактивдүү форматтагы сабактар уюштурулууда. БКО жана КТ ПЦКсынын окутуучусу Мамбетова М.К тарабынан БКМк-5-24 тайпасында өткөрүлгөн сабактар студенттердин өз алдынча ой жүгүртүүсүн, коммуникациялык жөндөмдөрүн жана кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө багытталды.

Сабактын жүрүшүндө «Өзүмө кат» интерактивдүү ыкмасы колдонулду. Бул тапшырмада студенттер жыл башынан бери предмет боюнча алган билимдерине талдоо жүргүзүп, өздөрүндөгү өзгөрүүлөрдү баалашты. Алар төмөнкү суроолордун негизинде ой жүгүртүштү: кандай жаңы билимдерди жана көндүмдөрдү үйрөнүштү, кайсы темалар өзгөчө маанилүү болду, сабактар алардын ой жүгүртүүсүнө жана кесиптик көз карашына кандай таасир берди, азыркы учурда өздөрүндө кандай өзгөрүүлөрдү байкап жатышат.

Ыкманын негизинде студенттер өздөрүнүн жетишкендиктерин, күчтүү жана өнүктүрүүнү талап кылган жактарын аныктап, келечектеги максаттарына багыт алышты. Тапшырма алардын өзүн-өзү баалоо көндүмдөрүн калыптандырууга жана мотивациясын жогорулатууга өбөлгө түздү.

Сабактын соңунда студенттер рефлексия жүргүзүп, өз ойлору менен бөлүшүштү. Натыйжада, «Өзүмө кат» ыкмасы студенттердин өзүн таануусуна жана кесиптик өсүшүнө көмөк көрсөткөн натыйжалуу рефлексиялык инструмент катары өзүнүн маанилүүлүгүн далилдеди.