1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 день назад

21

«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик»

БКМб-2-23 тайпасында аталган темада куратордук саат уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге улуттук баалуулуктардын мааниси, кыргыз элинин каада-салты, маданияты жана руханий мурастары тууралуу кеңири маалыматтар берилди.

Куратордук саатта улуттук маданиятты сактоо, эне тилди урматтоо жана мекенчилдик сезимди өнүктүрүү тууралуу пикирлер айтылды. Студенттер улуттук мурастарды кийинки муунга жеткирүү ар бир жарандын милдети экендигин белгилешти. Ошондой эле жаштардын билимдүү, адептүү жана маданияттуу болушу коомдун өнүгүшүнө өбөлгө түзөрү тууралуу талкуу жүргүзүлдү.