1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 день назад

8

"Коррупциясыз билим"

БКМб-2-23 группасында «Биз коррупцияга каршыбыз» темасында куратордук саат өткөрүлдү. Куратордук сааттын негизги максаты — студенттер арасында коррупцияга каршы түшүнүктү калыптандыруу, чынчылдыкка, адилеттүүлүккө жана мыйзамдуулукту урматтоого тарбия берүү болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө коррупциянын коомго тийгизген терс таасирлери тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Студенттер адилет коом курууда ар бир жарандын жоопкерчилиги чоң экендигин белгилешип, билимди таза эмгек менен алуу жана мыйзамды сактоо ар бир жаштын милдети экендиги тууралуу ой бөлүшүштү. Ошондой эле студенттер өз пикирлерин айтып, тема боюнча активдүү талкуу жүргүзүштү.

Куратордук саат тарбиялык мааниде өтүп, студенттерди чынчылдыкка, жоопкерчиликке жана мекенчилдикке үндөдү.