1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 день назад

8

“Биз коррупцияга каршыбыз” 

Педагогикалык колледжинин БКМк-01-24 тайпасында “Биз коррупцияга каршыбыз” аттуу тарбиялык саат өткөрүлдү. Иш-чараны тайпанын куратору Пахирдинова Л.А уюштуруп, студенттерге коррупциянын коомго тийгизген терс таасирлери жана ага каршы күрөшүүнүн мааниси тууралуу кеңири маалымат берилди.

Тарбиялык сааттын жүрүшүндө студенттер арасында ачык пикир алышуу болуп, ак ниеттүүлүк, чынчылдык жана адилеттүүлүк ар бир жаштын негизги сапаты болушу керектиги белгиленди. Ошондой эле модулдук экзамендерде жана мамлекеттик экзамендерде (ГОС) коррупцияга жол берилбестиги, ар бир студент билимине жана өз күчүнө ишенип тапшыруусу керектиги тууралуу сөз болду.

Студенттер билим алуудагы жоопкерчилик, мыйзамдуулукту сактоо жана келечекте таза коомду курууда жаштардын орду чоң экенин белгилешти. Иш-чаранын жүрүшүндө ар кандай суроо-жооптор уюштурулуп, студенттер өз ойлорун эркин билдиришти.

Бул тарбиялык саат студенттердин укуктук аң-сезимин жогорулатууга, коррупцияга каршы туруктуу көз карашты калыптандырууга жана билимди ак эмгек менен алуу керектигин түшүнүүгө чоң өбөлгө түздү.