1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 день назад

8

Келечектеги мугалимдердин алгачкы кесиптик кадамы

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун педагогикалык колледжинин «Башталгыч класстарда окутуу» адистигинин 3-курсунун бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик практикасын ийгиликтүү жыйынтыкташты. Окуу жайдын чоң жыйындар залында «Заманбап мектептеги алгачкы кадам: тажрыйба, инновация жана кесиптик өсүү» аттуу жыйынтыктоочу конференция болуп өттү.

Конференциянын алкагында студенттер жана окутуучулар төмөнкүдөй маанилүү маселелерди ортого салышты:

1.Чыгармачыл презентациялар: БКМб-2-23, БКМк-01-03-04-05-24, БКМк-2-3-4-5-6-7-23 тайпаларынын студенттеринин практика учурундагы ишмердүүлүгүн видео-репортаж, театралдаштырылган көрүнүш, мастер-класс жана кыска фильмдер аркылуу интерактивдүү форматта сунушташты.

2.Аналитикалык баа берүү: Практика жетекчилери студенттердин сабак өтүү чеберчилигине, инновациялык ыкмаларды колдонуусуна жана документтерди жүргүзүү сапатына терең талдоо жүргүзүп, келечекке багыт беришти.

3.Өнөктөштүк жана алкыш: Практика өткөн мектептерден келген ыраазычылык каттар окулуп, колледж менен мектептердин ортосундагы бекем кызматташтык белгиленди.

4.«Эркин микрофон»: Студенттер «Мугалим болуу — бул жүрөктүн тандоосу» деген ураан алдында өз ара ой бөлүшүп, заманбап мугалимдин образын жана кесиптик өсүүдөгү ийгиликтерин талкуулашты.

Иш-чара бүтүрүүчүлөрдүн заманбап мектеп талаптарына толук даяр экенин жана мугалимдик кесипти сыймыктануу менен тандашканын дагы бир жолу далилдеди. Студенттерибизге алдыдагы мамлекеттик сынактарда ийгилик каалайбыз!