1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

18

"Сырттагы сылыктык - бул маданият, үйдөгү сылыктык - бул чыныгы адеп" аталышындагы коомдук талкууга МЧББб-2-23 тайпасынын студенттери куратору менен биргеликте катышышты.

Жалал-Абад областтык китепканасында коомдогу жат көрүнүштөрдүн алдын алуу багытында уюштурулган "Сырттагы сылыктык - бул маданият, үйдөгү сылыктык - бул чыныгы адеп" аталышындагы коомдук талкууга МЧББб-2-23 тайпасынын студенттери куратору менен биргеликте катышышты. Иш-чарада коомдун башка өкүлдөрү менен пикир алышып, студенттер "үй-бүлө адеби", "коомдук жүрүм-турум этикети", "улуттук нарк-насил" жөнүндө ой жүгүртүүлөрү, көз караштары менен бөлүшүштү. өздөрү тандаган кесиптин артыкчылыктары, түйшүктөрү жана коомго кошуп жаткан салымы тууралуу таразалап, улуу муундун өкүлдөрүнүн акыл-насааттарын угушту. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттердин адеби, маданияты, дүйнө таанымы жөнүндө жылуу пикир айтылып, соңунда конокторго түрдүү китептер белекке берилип, жагымдуу маанайда жыйынтыкталды.