1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

22

МЧБББк -01-25 тайпасында жумуш ордунда окутуу алкагында башталгыч класстардын мугалими жана кыргыз тили ПЦКсынын окутуучусу Н.А. Исираилова тарабынан Манас таануу дисциплинасынан С. Каралаев жана С. Орозбаков боюнча сабак өткөрүлдү.

Сабак учурунда катышуучулар видеону кызыгуу менен көрүшүп, мазмуну боюнча терең талкуу жүргүзүштү. Улуу манасчылар Саякбай Каралаев жана Сагымбай Орозбаков кыргыз элинин улуу эпосу «Манасты» муундан-муунга жеткирген залкар инсандар экени белгиленди .

Топторго бөлүнүп, ар бир топ берилген тапшырмалардын үстүндө иштеп, өз ойлорун жыйынтыктап, мазмундуу презентацияларды сунушташты.

Мындай жумуш ордунда окутуу форматы катышуучулардын активдүүлүгүн арттырып, биргелешип иштөө жана ой жүгүртүү көндүмдөрүн өнүктүрөт.