1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

42

Коррупцияга жол жок: Таза билим — жаркын келечек.  

"Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети" илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси, Педагогикалык колледжинде БКМк-04-24 тайпасында Ажикулова А.М. тарабынан "Коррупцияга жол жок" темасында тарбиялык сабак өтүлдү.

Бул сабакта коррупция деген эмне, анын келип чыгышы, кесепеттери тууралуу слайддар көрсөтүлүп, коомго тийгизген таасири жөнүндө кеңири маалымат айтылды. Студенттер түзүлгөн кырдаалдар боюнча өз ой-пикирлерин айтып, талкуу жүргүзүлдү. Айрыкча азыркы коомдо маанилүү болгон ​билим берүү тармагы — ар бир мамлекеттин пайдубалы жана өнүгүүнүн негизги кыймылдаткыч күчү экендиги баса көрсөтүлүп, бул тармакта коррупциянын өсүшүнө , жаралышына жол бербөө керектиги баса белгиленди. Бул тармакка коррупция аралашса, өлкөнүн келечегин сабатсыздыкка алып келери айтылды. Бүгүнкү күндө «Коррупцияга жол жок!» деген ураан жөн гана сөз эмес, ар бир жарандын жеке аң-сезиминде калыптаныш керек.

​Коррупция билим берүү системасына киргенде, төмөнкүдөй кесепеттерге алып келери талкууланды. Сабатсыздык - билимдүү эмес жаштар тобу өсүп чыгат, чыныгы адистер өсүп чыкпайт.

​Адилетсиздик жана мотивациянын жоголушу: Өз күчү менен окуган студенттердин окууга болгон кызыгуусу жана мамлекетке болгон ишеними өчөт.

​Теңсиздик: Сапаттуу билим алуу укугу бардык жарандарда бирдей болушу керек.

​Жыйынтыктап айтканда

​«Билимдүүгө дүйнө жарык» деп айтылгандай, билим таза, акыйкат жана адал жол менен алынганда гана коомго жарык бере алат.

​Биз коррупциясыз билим берүү системасын түзүү менен гана күчтүү, көз карандысыз жана өнүккөн мамлекетти кура алабыз. Ар бир студент, ар бир ата-эне жана ар бир мугалим өзүнөн баштап, адилетсиздикке каршы турушу керек.