1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

51

Терс эмоциялардан кантип кутулуу керек?

Мугалимдик кесип — бул чоң жоопкерчиликти, чыдамкайлыкты жана терең эмоционалдык туруктуулукту талап кылган өзгөчө тармак. Өзгөчө башталгыч класстын мугалимдери ар бир окуучунун ички дүйнөсүн сезип, класста жагымдуу психологиялык чөйрөнү түзө билүүсү зарыл. Ушул максатта, "Башталгыч класс мугалимдери" адистигинин БКМк-04-25 тайпасынын 2-курсунун студенттери үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон кезектеги куратордук саат өткөрүлдү.

​Иш-чара тайпанын куратору Равшан кызы Айкокулдун жетекчилиги астында түзмө-түз "Терс эмоциялардан кантип кутулуу керек?" деген теманын алкагында уюштурулду.

​Куратордук саат тренинг жана интерактивдүү талкуу форматында өтүп, болочок педагогдор чакан топтордо жигердүү иштешти. Студенттер заманбап маалыматтык технологияларды жана ноутбуктарды колдонуу менен стресс, ачуулануу, чарчоо сыяктуу терс эмоциялардын пайда болуу себептерин изилдешти. Практикалык көнүгүүлөр аркылуу ички чыңалууну өз убагында басып, эмоционалдык тең салмактуулукту кантип сактоо керектигин иш жүзүндө көрсөтүп беришти. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер топтордо кызуу талкуу жүргүзүшүп, өз пикирлерин жана сунуштарын ортого салышты. Алар бул куратордук сааттан алган билимдерин келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүндө гана эмес, күнүмдүк турмушунда дагы эмоционалдык абалды туруктуу кармоо үчүн колдоно алышат.