1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

37

​Келечектеги педагогдор — коррупцияга каршы!

​2026-жылдын 13-майында педагогикалык коллежде куратор Тобокелова Саламат Амановнанын жетекчилиги астында БКМк-7-23 тайпасынын студенттери тарабынан уюштурулган «Биз коррупцияга каршыбыз!» деген темада ачык куратордук саат өттү.

​Башталгыч класстардын болочок мугалимдери үчүн калыстык жана адилеттүүлүк — кесиптик этиканын негизи болуп саналат. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер коомдогу жана билим берүү чөйрөсүндөгү коррупция менен күрөшүүнүн укуктук жана моралдык аспектилерин активдүү талкуулашты. Тайпанын студенттери Эгамбердиева Захро жана Сайипжанова Зульфия баяндамалары жана презентациялары менен өзгөчөлөнүп, коррупцияга каршы дүйнө таанымды бала кезден баштап калыптандыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

​Бул куратордук саат келечектеги педагогдордун жогорку жарандык жоопкерчилигин жана өздөрүнүн болочок окуучуларына татыктуу үлгү болууга даяр экендигин көрсөттү.