1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

24

 Студенттердин сезимталдыгын жанданткан сабак

Психология сабагынан эң акыркы сабак болуп өттү. Сабак БКМ Б2-24 тайпасы менен кызыктуу жана өзгөчө маанайда уюштурулду. Студенттер ар кандай психологиялык оюндарга катышып, бири-бирин жакшыраак таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Сабактын жүрүшүндө көздү бекитип алып үндөр аркылуу ким экенин табуу, ошондой эле колдорун кармап көрүү аркылуу адамды аныктоо сыяктуу оюндар өткөрүлдү. Бул оюндар студенттердин көңүл буруусун, сезимталдыгын жана бири-бирине болгон ишенимин өнүктүрүүгө жардам берди.

Мындай практикалык оюндар сабакты кызыктуу гана кылбастан, психологиялык жактан жакындыкты, ынтымакты жана достукту бекемдөөгө чоң өбөлгө түздү. Сабак жылуу маанайда жыйынтыкталып, студенттер жакшы таасирлерди алышты.