1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

33

“Кыргыз Республикасынын Конституциясы — мамлекеттин негизги мыйзамы”

БКМк-5-24 тайпасы менен “Кыргыз Республикасынын Конституциясы — мамлекеттин негизги мыйзамы” деген темага акыркы сабакты жыйынтыктадык. Бул сабак аркылуу Конституциянын мамлекет жана коом үчүн мааниси чоң экенин түшүндүк. Конституция — бул өлкөдөгү бардык мыйзамдардын негизи болуп саналат. Ал жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин аныктайт.

Ошондой эле Конституция мамлекеттин түзүлүшүн, мамлекеттик бийликтин ишин жана мыйзамдуулукту камсыз кылат. Ар бир жаран өз укугун билип гана тим болбостон, мыйзамдарды урматтап, өз милдеттерин да так аткаруусу керек.

Бүгүнкү сабактан алган билимиңер силерди мыйзамды сыйлаган, жоопкерчиликтүү жана мекенчил инсан болууга тарбиялайт деп ишенем. Конституцияны билүү — ар бир жарандын милдети жана укуктук маданияттын көрсөткүчү.

Сабакка активдүү катышканыңар үчүн чоң рахмат!