1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

41

Окуу процессинин жыйынтыгы: чыгармачылык көргөзмө”

Бүгүн педагогикалык колледжде БКО жана КТ ПЦКсынын окутуучусу Жолдошева М.К. тарабынан жыйынтыктоочу сабактын алкагында сүрөт жана кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмө уюштурулду. Көргөзмөгө студенттердин чыгармачылык менен жасаган эмгектери коюлуп, алардын таланты, фантазиясы, изденүүсү жана эмгекчилдиги даана чагылдырылды.

Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, келген конокторго жана катышуучуларга өзгөчө жакшы таасир калтырды. Көргөзмө студенттердин кесипке болгон кызыгуусун арттырып, чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө чоң түрткү болду.

Жолдошева М.К. эженин чыгармачылыкка болгон өзгөчө мамилеси, студенттерге берген билими жана тынымсыз аракети бул иш-чарада ачык байкалды. Ар бир коюлган эмгектен студенттердин алган тажрыйбасы жана устатынын эмгеги сезилип турду.

Жолдошева М.К. эжеге мындай пайдалуу жана таасирдүү иш-чараны уюштурганы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Сизге мындан аркы иштериңизге ийгилик, чыгармачылык дем жана чың ден соолук каалайбыз!