1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

69

«Жаңы муундагы мугалимге кадам: Стимуляциялык сабактар практикасында».

2026-жылдын 20-май күнү Педагогикалык колледжинин БКМ жана КТ ПЦКсынын окутуучусу Б.М.Исманалиева  БКМк-01-24 тайпасында «Окутуунун инновациялык технологиялары» предметинен «Стимуляциялык сабактар» темасында өзгөчө форматтагы акыркы практикалык сабагын өттү. Сабактын негизги максаты — студенттердин таанып-билүү активдүүлүгүн арттыруучу стимуляциялык ыкмаларды практика жүзүндө колдонууга үйрөтүү болду.

Сабак учурунда студенттер топторго бөлүнүп, «Мугалим болуп көр», «Стимул кутучасы», «Ийгилик тепкичи», «Толкун эффектиси» сыяктуу инновациялык жана интерактивдүү тапшырмаларды аткарышты. Ар бир топ чыгармачылык менен мини-сабактарды уюштуруп, оюн технологияларын, мотивациялык элементтерди жана рефлексия ыкмаларын ийгиликтүү колдонушту. Өзгөчө атмосфера, активдүү катышуу жана студенттердин креативдүү идеялары сабакты жандуу жана натыйжалуу кылды. Сабактын жүрүшүндө келечектеги мугалимдердин кесиптик чеберчилиги, лидерлик сапаттары жана командада иштөө көндүмдөрү дагы бир ирет байкалды.

Мындай сабактар студенттердин билимге болгон кызыгуусун арттырып гана тим болбостон, жаңы муундагы мугалимди даярдоодо инновациялык педагогиканын маанисин даңазалайт.