1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

32

Жумуш ордунда окутуу алкагында мастер-класс өткөрүлдү

Манас шаары №30 Фуркат атындагы мектеп базасында башталгыч класстын мугалими жана кыргыз тили ПЦКсынын окутуучусу Абдуллаева Гульчехра Хайбатуллаевна тарабынан “Дифференциацияланган жана инклюзивдик окутуу” аталышындагы мастер-класс уюштурулду. Иш-чаранын максаты: ар кандай жөндөмдөгү жана муктаждыгы бар окуучулар үчүн сабакты адаптациялоо болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө ар кандай жөндөмгө жана билим деңгээлине ээ болгон окуучулар үчүн сабакты адаптациялоо, окутуунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле окуучулардын жеке мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган усулдар талкууланды. Сабакка БКМк 11-24 тайпасынын жана бүтүрүүчү курстардын студенттери активдүү катышып, заманбап педагогикалык ыкмалар боюнча практикалык тажрыйба алышты. Сабактын алкагында 8-класстын окуучусу Амина Мухаммадаминованын чыгармачылык эмгектери тааныштырылып, анын таланты студенттерге жана катышуучуларга өзгөчө таасир калтырды. Педагог Гульчехра Абдуллаева Хайбатуллаевна өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи: “Биздин негизги максат — ар бир окуучунун жөндөмүн байкап, аны өнүктүрүүгө шарт түзүү. Амина сыяктуу таланттуу окуучулардын чыгармачылыгын колдоо аркылуу биз алардын өзүнө болгон ишенимин арттырып, жаңы ийгиликтерге шыктандырабыз.”

Ошондой эле “Менин жан дүйнөм” аттуу чыгармачылык көргөзмө уюштурулуп, катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун жаратты. Көргөзмө окуучунун ички дүйнөсүн, чыгармачылык ой жүгүртүүсүн жана эстетикалык табитин чагылдырган эмгектер менен толукталды. Бул иш-чара студенттер үчүн теория менен практиканы айкалыштырган натыйжалуу аянтча болуп, инклюзивдик билим берүү багытындагы заманбап мамилелерди өздөштүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк түздү.