1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

33

 №2 “Дома-Ата” атындагы негизги жалпы билим берүү уюму мекемесинин директору Эргешова Гулшайыр Шайдуллаевна менен Педагогикалык колледжинин бүтүрүүчүлөрүнүн ишмердиги жөнүндө болгон маек. 

Педагогикалык колледжинин бүтүрүүчүлөрүнүн ишмердиги жөнүндө болгон маек.

- Саламатсызбы Гулшайыр Шайдуллаевна, сизден биз ЖАМУнун «Педагогикалык колледжинин “Башталгыч класстарда окутуу” адистигинин бүтүрүүчүлөрүнөн бүгүнкү күндө сиздин мектебиңизге эмгектенип,  ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан мугалимдердин кесиптик даярдыгы, иштөө жөндөмдүүлүгү, ошондой эле биздин окуу жай менен мектептин кызматташуусу боюнча маек алалы дедик.

-      Сиздин билим берүү мекемеңизде педагогикалык колледждин бүтүрүүчүлөрү иштеп жатабы? Алардын ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?

 – Саламатчылык, биздин билим берүү мекемебизде ЖАМУнун педагогикалык колледжиден, жогорку билим берүү мекемесинен келген бир канча студенттер эмгектенет. Билим берүү жаатында алар башкаларга үлгу боло ала турган билим, көндүмдөр менен келишет. Алардын ичинден «Жыл мугалими» конкурсуна катышкандар да бар. Айрыкча

бүтүрүүчүлөр заманбап технологияларды мектептерге алып келиши кубанычтуу көрүнүш.

-  Педагогикалык колледж бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик даярдыгы тууралуу кандай пикир айтасыз?

- Биздин мектеп шаарга жакын болгондуктан, ар жыл сайын педагогикалык, окуу-таанышуу, мамлекеттк практикаларын ушул мектепте өтөгөн студенттер көп болот. Алар колледжден алган теориялык билимдерин практикада иш жүзүндө дайым эле көрсөтүп келишет. Мектепте тажрыйбалуу мугалимдерден керектүү методикалык жардам алышып кесиптик сапаттары, жөндөмдүктөрү өнүгөт.

- Колледж бүтүрүүчүлөрүндө кайсы кесиптик сапаттар жакшы өнүккөн деп ойлойсуз?

- Жалпы жонунан алып караганда дээрлик кесипке тиешелүү сапаттар баары бар деп эсептейм. Баса белгилей кетчү болсом  гумандуулук, жоопкерчилик, балдар менен натыйжалуу баарлашуу кесиптик сапаттар абдан жакшы өнүккөн.

- Жаш адистер педагогикалык ишмердүүлүгүн жаңыдан баштаганда көбүнчө кандай кыйынчылыктарга туш болушат?

 - Ар кандай жаш адис окуучуларды сабакка көнүлүн бурдурууда кыйналат, бирок убакыт өткөн сайын бул кемчилик жоюлуп бара берет.

- Педагогикалык колледжде окутуунун сапатын жогорулатуу үчүн кандай сунуштарды бересиз?

-  Жаңы заманбап методиканы жакшы үйрөтүүнү сунуштаар элем. Айрыкча инклюзивдик билим берүү боюнча атайын курстарды киргизүүнү маанилүү деп эсептейм. Бул замандын талабы десем болот.

- Сиздин оюңузча, бүгүнкү күндө билим берүү тармагында жаш мугалимдерде кандай компетенциялар өзгөчө маанилүү?

– Бүгүнкү күндө билим берүү тармагында жаш мугалимдерде коммуникативдүү  компетенциялар өзгөчө маанилүү деп ойлойм.

- Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз, ишиңизге ийгилик каалайбыз! Мындан ары да тыгыз карым-катнашта иштешебиз деген ойдобуз.

Интервьюну даярдаган: ЖАМУнун педагогикалык колледжинин Башталгыч класс мугалими жана кыргыз тили ПЦКсынын окутуучусу Гульчехра Абдуллаева.