1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

73

​«ШКУ: Аймактык коопсуздуктун реалдуу кепили»

​Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Педагогикалык колледжинин Башталгыч класс мугалими жана кыргыз тили ПЦКсынын окутуучулары Эрматова Бермет жана Равшан кызы Айкокул тарабынан «ШКУнун аймактык коопсуздукту камсыздоодогу ролу» деген темадасында студенттер арасында кезектеги билим берүүчү жана талкуу аянтчасы уюштурулду.

​Иш-чара «ШКУнун (Шанхай Кызматташтык Уюмунун) аймактык коопсуздукту камсыздоодогу ролу» деген актуалдуу теманын айланасында дебат формасында өткөрүлдү.

​Иш-чаранын негизги максаты:

​Студенттердин аймактык жана эл аралык коопсуздук маселелери боюнча түшүнүктөрүн тереңдетүү;

​Шанхай Кызматташтык Уюмунун геосаясий ролун, анын ичинде Борбордук Азия аймагындагы туруктуулукту сактоодогу ордун талдоо;

​Студенттердин ой жүгүртүүсүн, командада иштөө жана өз пикирин так, далилдүү коргой билүү көндүмдөрүн өнүктүрүү.

Тегерек столдо кызуу талкуу болду.

​Сабактын башында окутуучулар тарабынан заманбап интерактивдүү доска аркылуу атайын даярдалган мазмундуу презентация көрсөтүлүп, ШКУнун максаттары, негизги ишмердүүлүгү жана аймактагы ролу боюнча маанилүү маалыматтар берилди.

​Андан соң, дебаттын жүрүшүндө катышуучулар топторго бөлүнүп, ватмандар менен жигердүү иштешти. Анда уюмга мүчө мамлекеттердин (Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Кытай ж.б.) өз ара кызматташтыгы, коопсуздук чакырыктарына каршы туруу механизмдери визуалдык схемалар жана коомдук маалыматтар аркылуу чагылдырылды. Башталгыч класстарда окутуу адистигинин студенттери өз иштерин коргошуп, ШКУнун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктары жана анын аймакка тийгизген таасири тууралуу кызуу талкуу жүргүзүштү.

​Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, катышуучулардын саясий-укуктук сабаттуулугун арттырууга жана интеллектуалдык өсүшүнө чоң өбөлгө түздү. Уюштуруучуларга жана жигердүү катышкан студенттерге терең ыраазычылык билдиребиз!