1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

31

"Экологиялык билим берүүнүн усулу" предметинен ЖОО алкагында китепкананын адистери тарабынан уюштурулган көчмө сабакка катышуу

Бүгүн 18-май күнү Педагогикалык колледждин МЧББб-2-24 тайпасы Жалал-Абад облустук китепканасында "Экологиялык билим берүүнүн усулу" предметинен ЖОО алкагында китепкананын адистери тарабынан уюштурулган көчмө сабакка катышты. Иш-чарада "Табияттын баалуулугу, туулган жердин табияты" темасында кенен маалымат берилип, табияттын тең салмактуулугун сактоо, кесепеттеринин алдын алуу жөнүндө К.Ш.Токтомаматова Эл аралык университетинин окутуучусу Пирматова Ж.Т. жана студенттери тарабынан даярдалган презентация, изилдөө иштеринин негизинде талкуу жүргүзүлдү. Экологиялык кырдаалдардын курчушунун себептери, алдыңкы убакыттарга болжолдуу айтылган катастрофалардын алдын алуу жолдору жөнүндө пикир алмашуу жогорку маанайда жыйынтыкталды. Ошондой эле китепкананын кызматкерлери тарабынан Экологиялык багыттагы окуу куралдары, маалыматтар жыйындысы, мектепке чейинки курактагы балдар үчүн көркөм, адабий жана илимий материалдар көргөзмөсү тааныштырылды.