1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

59

«Шанхай Кызматташтык Уюму – аймактык тынчтык, коопсуздук жана өнүгүүнүн негизи» аттуу студенттик конференция өткөрүлдү

2026-жылдын 18-май күнү Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Педагогикалык колледжинде ЖББ ПЦКсынын тарых секциясынын окутуучулары Осмонова Э. жана Калчакеева А. тарабынан «Шанхай Кызматташтык Уюму – аймактык тынчтык, коопсуздук жана өнүгүүнүн негизи» аттуу студенттик конференция уюштурулуп өткөрүлдү.

Конференциянын негизги максаты — студенттердин эл аралык кызматташтык, аймактык коопсуздук, тынчтыкты сактоо жана мамлекеттер аралык өнөктөштүк тууралуу билимдерин кеңейтүү, алардын илимий ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер Шанхай Кызматташтык Уюмунун түзүлүү тарыхы, негизги багыттары, мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтык, экономикалык жана маданий байланыштар тууралуу кызыктуу баяндамаларды даярдашты. Ошондой эле бүгүнкү күндө дүйнөлүк тынчтыкты сактоодо жана аймактык туруктуулукту камсыз кылууда ШКУнун орду өзгөчө мааниге ээ экендиги белгиленди.

Конференция жогорку деңгээлде өтүп, студенттер өздөрүнүн активдүүлүгүн, терең даярдыгын жана чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтө алышты. Мындай илимий иш-чаралар жаштардын мекенчилдик сезимин арттырып, дүйнөлүк процесстерге болгон кызыгуусун күчөтүүгө чоң салым кошот.