1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

31

Педагогикалык колледждин МЧББ адистигинин студенттери үчүн "Жумуш ордунда окутуу" концепциясынын алкагында кезектеги көчмө сабак уюштурулду.

Педагогикалык колледждин МЧББ адистигинин студенттери үчүн "Жумуш ордунда окутуу" концепциясынын алкагында кезектеги көчмө сабак уюштурулду.

Окуу планына ылайык, "КР Конституциясы. Кесиптик чөйрөдөгү укуктук-ченемдик актылар" предметинин алкагында студенттер КР Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонддун Манас шаардык башкармалыгына жана Манас шаардык эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына барышты.

Сабактын негизги максатында теориялык билимди практика менен айкалыштыруу максатында уюштурулган бул иш-чара студенттерге болочоктогу кесиптик ишмердүүлүгүндө зарыл болгон укуктук сабаттуулукту жогорулатууга багытталды. Сабактын жүрүшүндө негизги басым "Эмгек мыйзамдары", "Балдар укуктары: Баланын коопсуздугу жана укуктук коргоо" темаларына жасалды.

Жумуш ордунда окутуу — бул студенттин эмгек рыногуна даярдыгын камсыз кылган эң натыйжалуу формат. Социалдык фонддун тажрыйбалуу адистери студенттерге КР Эмгек кодексинин негизги жоболору, эмгек келишимин түзүүнүн тартиби, кызматкердин укуктары жана милдеттери, ошондой эле социалдык камсыздандыруунун маанилүүлүгү боюнча тереңдетилген лекция жана талкуу өтүштү.

Талкуунун жүрүшүндө төмөнкү актуалдуу темалар козголду:

1. КР Балдар жөнүндө кодекси: Балдардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер.

2. Коопсуздук жана коргоо: Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жардам берүү механизмдери.

3. Зомбулуктун алдын алуу: Педагогдордун жана социалдык кызматкерлердин бул багыттагы биргелешкен иш-аракеттери.

Студенттер талкууда жигердүүлүгүн көрсөтүп, балдардын укуктарын коргоодогу көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору боюнча суроолоруна адистерден кеңири жооп алышты.