1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

28

ЖАМУнун Педагогикалык колледжинин студенттери бала бакчада тажрыйба топтошту

Педагогикалык колледждин окутуучусу Галдыбаева В.А. жетекчилиги астында МЧББбк-1-25 тайпасынын студенттери «Адистикке киришүү» предметинин алкагында. Манас шаарындагы ЖАМУнун Мектепке чейинки билим берүү мекемесине  барышты. Сабактын негизги темасы: «Бала бакчада балдардын коопсуздугун камсыз кылуу» деп аталып, болочоктогу тарбиячылар үчүн эң маанилүү багыттардын бири катары тандалып алынган.

Окутуунун негизги максаттары:

Практикалык тажрыйба: Студенттер бала бакчанын күнүмдүк режими, тайпалардагы чөйрөнүн түзүлүшү жана коопсуздук эрежелеринин иш жүзүндө колдонулушу менен таанышышты.

Коопсуздук ченемдери: Имараттын ичиндеги жана сырттагы оюн аянтчаларындагы техникалык коопсуздук, санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышы боюнча маалымат алышты.

Иш-чаранын соңунда студенттер бала бакчанын кызматкерлерине суроолорун берип, кызыктырган маалыматтарын алышты. Мындай иш сапарлар Педагогикалык колледждин окуу планынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана сапаттуу адистерди даярдоого багытталган.