1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

27

Студенттин моделдик сабак

Бүгүн ПКнын БКМк-5-24 тайпасында Эне тили жана эне тилин окутуу сабагынында студент Абдрасулова Мээрим тарабынан 3-класс үчүн Ийнелик менен кумурска темасында моделдик сабак өтүлдү. Сабактын жүрүшүндө тамсилди окутуунун натыйжалуу ыкмалары колдонулуп, интерактивдүү көнүгүүлөр жана көп түрдүү тапшырмалар аркылуу окуучулардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Студент сабактын этаптарын так уюштуруп, мугалимдин ишмердүүлүгүн методикалык талаптарга ылайык көрсөтө алды.

Сабакка катышкан студенттер өздөрүн окуучу жана мугалим катарында, сабак боюнча пикирлерин жана сунуштарын билдиришти. Алар колдонулган ыкмалардын кызыктуу жана натыйжалуу болгонун белгилеп, келечектеги педагогикалык практикасында пайдаланууга боло турган баалуу тажрыйба алганын айтышты.