1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

65

Максималдуу ийгилике жетүүчү жети мыйзам.

2026-жылдын 13-майында Педагогикалык колледжинде куратордук сааттар өткөрүлдү. Куратордук сааттын темасы: «Максималдуу ийгиликке жетүүдөгү жети мыйзам». Иш-чаранын негизги максаты — студенттерге ийгиликке жетүүнүн жолдорун түшүндүрүү, алардын максатка умтулуусун арттыруу жана өзүн-өзү өнүктүрүүгө шыктандыруу болду.

Куратордук сааттын жүрүшүндө студенттер ийгиликтин негизги мыйзамдары тууралуу маалымат алышып, ар бир мыйзамдын жашоодогу орду жана мааниси талкууланды. Тактап айтканда, так максат коюу, убакытты туура пайдалануу, үзгүлтүксүз эмгектенүү, жоопкерчиликтүү болуу, билимге умтулуу, өзүнө болгон ишеним жана позитивдүү ой жүгүртүү сыяктуу сапаттар ийгиликке жетүүнүн башкы шарттары экени белгиленди.

Ошондой эле студенттер өз ойлорун ортого салып, мисалдар аркылуу пикир алышышты. Куратордук саат кызыктуу суроо-жооптор, талкуулар менен коштолуп, катышуучуларга пайдалуу маалыматтарды берди. Иш-чаранын соңунда студенттер келечекте алдыга максат коюп, ага жетүү үчүн талыкпай аракет кылуу керектиги тууралуу жыйынтык чыгарышты.

Аталган темада кураторлор С.Тобокелова,А.Кыргызбаева,М.Абакирова,А.Калчакеева,М.Досалиева,Н.Маматкулова,Н.Айдарова,Анвар кызы Гулбу,Г.Султанова,Нурмамат кызы Дилде,Б.Темирбаева,В.Галдыбаевалар өз тайпалары менен тарбиялык саатты мыкты уюштура алышты.