1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

27

Педагогикалык колледжинде практика учурунда ачык сабактар болуп жатат.

Манас шаары жана Сузак райондорунда Педагогикалык колледждин студенттери мамлекеттик практикадан өтүп жатышат. Практиканын жүрүшүндө студенттер мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде өздөрүнүн теориялык билимдерин практика жүзүндө бекемдеп, кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүшүүдө.

Практика жетекчилери В.А. Галдыбаева студенттердин практика өтүп жаткан жайларына барып, алардын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, сабактарына катышып, ар тараптуу талдоо жүргүзүштү. Ошондой эле практиканттарга сабактарды уюштуруу, методикалык ыкмаларды туура колдонуу жана окуу-тарбия процессин жакшыртуу боюнча баалуу усулдук жардамдарын беришти.