1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

63

Бир катанын муундарга тийгизген таасири

29-апрель күнү БКМб-2-24 тайпасы үчүн куратор М. Мамбетова тарабынан Бир катанын муундарга тийгизген таасири  аттуу мазмундук жактан терең тарбиялык сабак уюштурулду. Сабактын жүрүшүндө Чернобыль апааты мисал катары каралып, адам факторуна байланышкан катачылыктардын масштабы жана анын узак мөөнөттүү кесепеттери  талданды. Студенттер радиациянын адам организмине жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин комплекстүү карап чыгышып, ката → кесепет → муундар  себеп-натыйжалык байланышын концептуалдык деңгээлде өздөштүрүштү. Жыйынтыгында студенттер бир жолку ката жалаң учурдагы эмес, келечек муундардын да жашоосуна олуттуу таасир тийгизерин белгилешип, жоопкерчиликтин социалдык жана моралдык аспектилерин терең түшүнүүгө жетишишти.