1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

47

Практикант студентке методикалык жардам көрсөтүлдү

    Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Педагогикалык колледжинин практика жетекчиси Салибаева Кенжегүл Паратовна тарабынан мамлекеттик практика өтүп жаткан студент Исмаилова Хидояттын сабагына катышуу жүргүзүлдү.Студент практикасын Манас шаарындагы №2 К. Закиров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде өтүүдө. Сабакка катышуунун жүрүшүндө студенттин сабак өтүүдөгү усулдук даярдыгына, окуучулар менен иш алып баруусуна жана сабакты уюштуруу чеберчилигине көңүл бурулду.Практика жетекчиси тарабынан сабактын мазмунун өркүндөтүү, окутуунун заманбап ыкмаларын колдонуу жана окуучулардын активдүүлүгүн жогорулатуу боюнча методикалык жардамдар көрсөтүлүп, пайдалуу кеп-кеңештер берилди.Мындай иш-чаралар болочок мугалимдердин кесиптик тажрыйбасын жогорулатууга жана педагогикалык чеберчилигин өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.