1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

49

Өзгөчөлөнгөн балдар топтору менен иштөө

“Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплекси Э.Уметов атындагы педагогикалык институту педагогикалык колледжинин БКМк-02-25 жана БКМк-03-25 тайпаларын Досалиева Мунайым Молдалиевна жана Пахирдинова Лачынай Абдугапаровна Психология сабагынан жумуш ордунда окутуу боюнча Манас шаарында жайгашкан "Альфакидс" балдар нейрокоррекциялык борборуна уюштурушту. Студенттер ар кандай өзгөчөлүктөрү бар балдар менен жүргүзүлгөн коррекциялык иштерди байкап, адистердин иш ыкмалары менен жакындан таанышышты. Иш процессинде нейрокоррекциялык ыкмалар, балдардын өнүгүүсүн колдоо багытындагы иш-чаралар жана психологиялык жардам көрсөтүү методдору тууралуу кеңири маалымат алышты. Бул жумуш ордунда окутуу студенттер үчүн өтө пайдалуу жана кызыктуу болду.