1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

35

Мамлекеттик практика учурунда ачык сабактар жана тарбиялык сааттар өткөрүлдү

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Педагогикалык колледжинин студенттери мамлекеттик практика учурунда өздөрүнүн кесиптик даярдыгын көрсөтүү максатында ачык сабактарды жана тарбиялык сааттарды өткөрүштү. Манас шаарындагы №13 Р. Азимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде практика өтүп жаткан студенттер Марифжанова Гүлсанам Шарабидиновна жана Азимжонова Сугдиёна Боиржоновна тарабынан мазмундуу жана заманбап усулдар колдонулган ачык сабактар уюштурулду. Ошондой эле Сузак районундагы №38 Д. Жунусов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде мамлекеттик практика өтүп жаткан студент Ахматиллаева Мадинахон Нуриллаевна тарабынан тарбиялык саат жана ачык сабак өткөрүлүп, окуучулар менен активдүү иш жүргүзүлдү.Өткөрүлгөн сабактарга жана тарбиялык сааттарга практика жетекчиси Кудукбаева Элмира Эмилисовна катышып, студенттердин сабак өтүүдөгү усулдук даярдыгына, окуучулар менен иш алып баруу жөндөмүнө жана педагогикалык чеберчилигине баа берди. Мындан сырткары, студенттерге сабакты уюштуруу, заманбап окутуу ыкмаларын колдонуу жана окуучулардын кызыгуусун арттыруу боюнча методикалык кеңештер берилди.Мындай практикалык иштер болочок мугалимдердин кесиптик тажрыйбасын жогорулатып, педагогикалык ишмердүүлүккө болгон жоопкерчилигин арттырууга өбөлгө түзөт.