1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

45

Мамлекеттик практика өтүп жаткан студенттерге усулдук көзөмөл жүргүзүлдү

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Педагогикалык колледжинин практика жетекчилери Н.С. Жолдошалиева жана Э.Э. Кудукбаева тарабынан шаардагы мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде мамлекеттик практика өтүп жаткан студенттердин ишмердүүлүгү көзөмөлдөө Практика учурунда студенттер тарабынан өткөрүлүп жаткан ачык сабактарга, тарбиялык сааттарга жана күнүмдүк пландоо иштерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле студенттердин сабак өтүүдө инновациялык ыкмаларды, санариптик технологияларды жана көрсөтмө куралдарды колдонуу деңгээли байкалгандыгы белгиленди.Практиканын акыркы жумасы болгондуктан, жетекчилер тарабынан студенттерге усулдук сунуштар берилип, отчеттук документтердин талапка ылайык даярдалышы боюнча кеңештер айтылды.Жыйынтыгында практика өтүп жаткан студенттер өздөрүнүн теориялык билимдерин практика менен айкалыштырып, болочок кесип ээси катары жоопкерчиликтүү мамиле жасап жаткандыгы белгиленди.