1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

34

Заманбап мугалим — заманбап ыкмалар: Практикант студенттер үчүн семинар өттү

Педагогикалык колледжде келечектеги педагогдор — практикант студенттер үчүн "Окутуунун инновациялык ыкмалары" деген темада тажрыйба алмашуу жана окутуу иш-чарасын К.Салибаева жана Маккамбай кызы Райкан А.Абдыкадырова өттү. Иш-чаранын башкы максаты — жаш адистерге теориялык билимди практика менен айкалыштыруунун заманбап жолдорун көрсөтүү жана санариптик доордун талаптарына ылайыкташууну үйрөтүү.

Негизги багыттары:

·         Жаңы формат: "Оодарылган класс" (Flipped Classroom) жана долбоорлоо ыкмаларын сабакта колдонуу.

·         Геймификация: Сабакты оюн түрүндө өтүү үчүн Kahoot!, Quizizz, Wordwall куралдарын өздөштүрүү.

·         Санариптик сабаттуулук: Google Classroom, Canva жана Padlet платформалары аркылуу окуу материалдарын заманбап форматка келтирүү.

Студенттер заманбап технологияларды практикада колдонууну үйрөнүштү. Ийгиликтүү окутуу — бул заманбап технология менен сапаттуу педагогиканын айкалышы.

"Эгерде биз бүгүн кечээкидей окутсак, анда балдардын келечегин уурдаган болобуз."Джон Дьюи