1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

34

“Чернобыль кырсыгы – адамзат үчүн сабак”

Куратор Абакирова Мария МЧББк-2-24 тайпасынын студенттери үчүн «Чернобыль кырсыгы – адамзат үчүн сабак» аттуу тарбиялык саат уюштурду.

Бул тарбиялык сааттын негизги максаты – студенттерге 1986-жылдын 26-апрелинде Украинадагы Чернобыль атомдук электр станциясында болгон ири техногендик кырсык тууралуу маалымат берүү, анын кесепеттерин түшүндүрүү жана экологиялык коопсуздуктун маанисин жеткирүү болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге Чернобыль кырсыгынын келип чыгуу себептери, жарылуунун кесепеттери жана радиациянын адамдын ден соолугуна, айлана-чөйрөгө тийгизген зыяны тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле кырсыктан жабыркаган аймактар, эвакуацияланган элдер жана бүгүнкү күнгө чейин сезилип келе жаткан кесепеттер жөнүндө айтылды.

Тарбиялык саатта студенттер видеоматериалдарды көрүп, өз ойлорун бөлүшүп, талкуу жүргүзүштү. Алар мындай кырсыктарды болтурбоо үчүн техникалык коопсуздук эрежелерин так сактоо жана жоопкерчилик менен мамиле кылуу зарыл экенин белгилешти.

Жыйынтыгында, бул иш-чара студенттерге чоң таасир калтырып, экологияга аяр мамиле кылуу, табиятты коргоо жана коопсуздук эрежелерин сактоо ар бир адамдын милдети экенин түшүнүүгө жардам берди.