1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

41

«Экологиялык коопсуздук жана Чернобыль сабагы» 

2026-жылдын 30-апрелинде Педагогикалык колледжинин ДТ ПЦКсынын окутуучусу Шамшиев Канат «Экологиялык коопсуздук жана Чернобыль сабагы» аттуу тегерек стол уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин экологиялык аң-сезимин жогорулатуу, жаратылышка болгон жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу жана Чернобыль кырсыгынын сабактарын терең түшүндүрүү болду.

Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулар Чернобыль атомдук электр станциясында болгон авариянын себептери, анын экологияга жана адамзатка тийгизген терс таасири тууралуу кеңири маалымат алышты. Ошондой эле радиациянын адам ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген зыяны, узак мөөнөттүү кесепеттери тууралуу талкуулар жүргүзүлдү.

Иш-чарага катышкан студенттер активдүү катышып, өз ойлорун билдирип, суроолорду берип, актуалдуу маселелерди көтөрүштү. Чернобыль кырсыгы мисал катары каралып, экологиялык коопсуздукту сактоо ар бир адамдын милдети экендиги баса белгиленди.

Тегерек столдун соңунда жаратылышты коргоо, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу жана келечек муун үчүн таза экологияны сактоо зарылдыгы айтылды.