1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

59

“Адам жана табият: Чернобыль сабагы”

2026-жылдын 29-апрелинде Педагогикалык колледжинде  “Адам жана табият: Чернобыль сабагы” аттуу тарбиялык саат өткөрүлдү. Бул иш-чара Чернобыль кырсыгынын 40 жылдыгына карата уюштурулуп, студенттерге экологиялык тарбия берүү, жаратылышка аяр мамиле кылууга үндөө максатын көздөдү.

Тарбиялык сааттын жүрүшүндө катышуучулар Чернобыль кырсыгынын келип чыгуу себептери, анын кесепеттери жана адамзатка тийгизген таасири тууралуу кеңири маалымат алышты. Айрыкча Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын жыйынтыгында пайда болгон экологиялык көйгөйлөр жана адамдардын ден соолугуна келтирген зыяны тууралуу талкуу жүрдү.

Иш-чарада студенттер активдүү катышып, өз ойлорун билдирип, суроолорго жооп беришти. Ошондой эле Припять шаарынын тагдыры мисал катары көрсөтүлүп, табият менен адамдын ортосундагы байланыштын мааниси баса белгиленди.

Тарбиялык сааттын соңунда жаратылышты коргоо, экологиялык коопсуздукту сактоо ар бир адамдын милдети экендиги айтылып, студенттерге келечекте жоопкерчиликтүү жаран болуу зарылдыгы эскертилди.

Тарбиялык саатты өз тайпаларына мыкты деңгээлде кураторлор Н.Исраилова,А.Маткасымова,А.Салбанова,А.Тайшынова,М.Досалиева,А.Калчакева,Нурмамат кызы Дилде,Б.Темирбаева,Ч.Торобековалар уюштура алды.

Мындай иш-чаралар жаштардын аң-сезимин ойготуп, табиятка болгон мамилесин өзгөртүүгө чоң өбөлгө түзөт.