1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

32

Куратордук тарбиялык саат

Чернобыль атомдук электр станциясындагы радиациялык кырсык жана апааттын курмандыктарын эскерүүнүн 40 жылдыгына карата Педагогикалык колледждин 2-курсунун БКМк-01-25 тайпасында куратордук тарбиялык саат өткөрүлдү. Иш-чаранын куратору — Кудукбаева Элмира.Тарбиялык сааттын максаты студенттерге Чернобыль апаатынын тарыхый маанисин түшүндүрүү, радиациялык кырсыктын кесепеттери тууралуу маалымат берүү жана кырсыктын курмандыктарын эскерүү болду.Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге Чернобыль кырсыгынын келип чыгуу себептери, анын адамзатка жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасири тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Ошондой эле кырсыкта каза болгон адамдар эскерилип, алардын эрдиги жана курмандыгы тууралуу баяндалды.Тарбиялык саат студенттердин тарыхый аң-сезимин калыптандырууга, жоопкерчилик сезимин өнүктүрүүгө жана коопсуздук маданиятын бекемдөөгө багытталды.