1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

Тарых, мыйзам жана эмгек биримдиги – келечекке жол!

Бүгүн 29.04.2026ж педагогикалык колледжде 9-май — Жеңиш күнүнө карата Тарых, мыйзам жана эмгек биримдиги – келечекке жол аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Иш-чараны ЖББ ПЦКсынын тарых окутуучулары уюштурушту. Бул иш-чаранын негизги максаты — студенттердин тарыхый аң-сезимин калыптандыруу, мыйзамдуулукту урматтоого үндөө жана эмгектин коомдогу ордун терең түшүндүрүү болду. Катышуучуларга тарых, укук жана эмгек түшүнүктөрүнүн өз ара байланышы, алардын мамлекеттин өнүгүүсүндөгү ролу тууралуу мазмундуу баяндамалар сунушталды. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер активдүү катышып, өз ойлорун ортого салышып, талкууларга аралашышты. Ошондой эле тарыхый мисалдар, заманбап коомдогу мыйзамдуулуктун мааниси жана эмгек маданияты тууралуу…