1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

32

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун педагогикалык колледжинин окутуучулары академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Мурас колледжинде сабак өтүштү.

Бүгүн 28.04.2026ж Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун педагогикалык колледжинин окутуучулары — Акматбеков М.З., Токтоматова Г.О., Орункулова Д., Калчакеева А.К. жана Нуракова В. академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Мурас колледжине барып, «Башталгыч класстарда окутуу» адистигинин 1–2-курстарынын студенттерине бир катар дисциплиналар боюнча сабак өтүштү.

Иш-чаранын негизги максаты — окутуучулар арасында кесиптик тажрыйба алмашуу, окутуунун инновациялык ыкмалары менен бөлүшүү, ошондой эле эки окуу жайдын ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерди чыңдоо болду.

Сабактар заманбап педагогикалык ыкмаларды колдонуу менен өтүп, студенттер активдүү катышуу аркылуу өз билимдерин тереңдетүүгө жана жаңы тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк алышты. Өзгөчө көңүл практикалык иштерге жана интерактивдүү методдорго бурулду.

Жолугушуу учурунда окутуучулар ортосунда мазмундуу пикир алмашуулар өтүп, келечектеги кызматташтыкты өркүндөтүү боюнча багыттар талкууланды.