1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

31

Ачык эшиктер күнү  белгиленди.

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педагогикалык колледжинин МЧББ адистигинде  ачык эшиктер күнү жогорку деңгээлде уюштурулуп, билим берүү процессинин өзгөчөлүктөрүн жана заманбап ыкмаларын таанытууга багытталды. Иш-чаранын негизги максаты — абитуриенттерге жана конокторго колледждин окуу-тарбиялык ишмердүүлүгүн кеңири тааныштыруу, педагогикалык адистиктерге болгон кызыгууну арттыруу жана практикалык тажрыйба менен бөлүшүү болду.

Иш-чаранын алкагында окутуучулар Абакирова М.М. жана Кыргызбаева А.К. тарабынан карьераны куруу,  кесип тандоо деген темада  мазмундуу жана интерактивдүү мастер-класстар өткөрүлдү   Практикалык иштердин жүрүшүндө катышуучулар теориялык билимдерди практикада колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушуп, педагогикалык көндүмдөрүн өнүктүрүштү. Мындай форматтагы иш-чаралар келечектеги мугалимдердин кесиптик багыт алуусуна өбөлгө түзүп, алардын билим сапатын жогорулатууга өбөлгө болору белгиленди.