1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

48

Жумуш ордунда окутуу алкагында мастер-класс өткөрүлдү

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Педагогикалык колледжинин окутуучулары В.Арзыматова, Б.М.Исманалиевалар жумуш ордунда окутуунун алкагында “Башталгыч класстарда окутуу” адистигинин практикант-студенттери үчүн “Заманбап мугалимдин сабагы: технология, ыкма жана натыйжа” аталышындагы мастер-класс өтүштү. Бул жолу Ноокен районунун №19 А.Казаков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде уюштурулуп, ошол мектепте мамлекеттик практикасын өтөп жаткан БКМк-5-23, БКМк-6-23 тайпасынын студенттери жана башталгыч класс мугалимдери катышты.

Иш-чаранын максаты — болочоктогу мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, сабакта инновациялык ыкмаларды жана технологияларды натыйжалуу колдонууга багыт берүү болду. Мастер-класстын жүрүшүндө заманбап билим берүү системасы мугалимден жаңыча ой жүгүртүүнү, окуучуга багытталган мамилени жана чыгармачыл изденүүнү талап кылаары белгиленди. Анда заманбап сабактын негизги өзгөчөлүктөрү талкууланып, окуучунун активдүүлүгүнө негизделген окутуунун мааниси көрсөтүлдү. Катышуучулар сабакта интерактивдүү ыкмаларды — топтук иш, жупта иштөө, талкуу жана оюн элементтерин колдонуу аркылуу окуучулардын кызыгуусун арттыруу жолдору менен таанышышты.

Ошондой эле санариптик технологиялардын ролу өзгөчө белгиленип, презентациялар, видеоматериалдар жана башка визуалдык каражаттар аркылуу сабактын сапатын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Бул ыкмалар окуучулардын маалыматты кабыл алуусун жеңилдетип, сабакты кызыктуу өткөрүүгө шарт түзөрү айтылды. Мастер-класста дифференцияланган жана инклюзивдик окутуунун принциптери да каралып, ар бир окуучунун жеке өзгөчөлүгүн эске алуу, формативдүү жана суммативдик баалоонун мааниси түшүндүрүлүп, баалоо окуучуну колдоого жана өнүктүрүүгө багытталышы керектиги айтылды. Студент-практиканттар практикалык тапшырмаларды аткарууда сабакты талдоо аркылуу өз ишмердүүлүгүн жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.