1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

55

ЖАМУда “Ачык эшиктер күнү” алкагында мастер-класс өткөрүлдү.

2026-жылдын 27-апрелинде ЖАМУда “Ачык эшиктер күнү” уюштурулуп, иш-чарага педагогикалык колледждин БКМ жана КТ ПЦКсы активдүү катышты. Бул иш-чара келечектеги абитуриенттерге окуу жайдын мүмкүнчүлүктөрүн тааныштыруу, кесипке багыт берүү жана мугалимдик кесиптин маанисин ачып берүү максатын көздөдү.

Иш-чаранын алкагында шаардык мектептерден келген окуучулар үчүн “Коммуникативдик көндүмдөрдү өнүктүрүү темасында мастер-класс өткөрүлдү. Ага №5 Бабур, №9 Р.Санатбаев, №90 Манас  мектептеринин бүтүрүүчү класс окуучулары катышып,   анда окуучулардын эркин пикир билдирүүсүнө жана топто иштөөсүнө шарт түзүлүп, жалпы жонунан интерактивдүү форматта уюштурулду.

Мастер-класстын максаты: Окуучулардын коммуникативдик көндүмдөрүн өнүктүрүү аркылуу алардын башкаларды активдүү угуп түшүнүү, өз оюн так, логикалуу билдирүү, пикир алмашууга катышуу жөндөмдөрүн калыптандырууга багыт көрсөтүү болду.

Окуучулар коммуникациянын негизги түшүнүктөрүн аташып,  сүйлөөдө, активдүү уга билүүдө, ачык суроолорду түзүүдө, суроону туура берүү үстүндө терең анализ жана талкуу жасашты. Ошондой эле бул көндүмдөрдү калыптандыруу заманбап билим берүүнүн негизги багыттарынын бири экендигине ынанышты. Мастер-класстын жүрүшүндө жана көргөзмө учурунда окуучулар үчүн  “Келечегиңди биз менен танда! Мыкты мугалим боло алаарыңды текшерип көр!” аттуу челленж-оюну уюштурулду. Бул оюнда катышуучулар өздөрүн мугалим ролунда сынап көрүштү, натыйжалуу  баарлашуу, чыгармачылык жана коммуникативдик жөндөмдөрүн практикада колдонушту. Челленж окуучулардын чоң кызыгуусун жаратып, мугалимдик кесипке болгон кызыгуусун арттырды. Мындай иш-чаралар окуучулардын өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө жана келечектеги кесип тандоосуна оң таасирин тийгизет.