1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

64

Практиканттарга жеринде методикалык жардам көрсөтүү

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун педагогикалык колледжинин практика жетекчилери  Н.С.Жолдошалиева  жана Э.Э.Кудукбаевалар тарабынан  «Тест, тесттин түрлөрү жана цифралык технологияларды колдонуу» темасында Манас шаарынын №21 Ж Болотов атындаыг орто мектепте жумуш ордунда окутуу өткөрүлдү. Иш чарага колледждин мамлекеттик практикада жүргөн студенттери, педагогикалык институттун адаптациялык практикада жүргөн практиканттары  жана жаш мугалимдер активдүү катышышты. Окутуунун  жүрүшүндө тесттердин түрлөрү, аларды түзүү жана натыйжалуу колдонуу ыкмалары, ошондой эле билим берүү процессинде заманбап цифралык технологияларды пайдалануунун жолдору талкууланды.          Катышуучулар практикалык тапшырмаларды аткарып, өз ара тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул иш чара  педагогикалык чеберчиликти жогорулатууга, билим берүүнүн сапатын жакшыртууга жана заманбап окутуу ыкмаларын жайылтууга багытталды.