1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

48

ЖАМУнун Педагогикалык колледжинде колледждер аралык предметтик олимпиада өткөрүлдү

2026-жылдын 25-апрелинде ЖАМУнун Педагогикалык колледжинде Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы колледждер арасында (ЖАК, КИЯ, ЭЮК, Аксы, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Кочкор - Ата колледждери) предметтик олимпиада өткөрүлдү.

Билим таймашынын жүрүшүндө ар бир предмет боюнча студенттер өз билимдерин сынашты. Дайындалган комиссия мүчөлөрү студенттердин аткарган иштерин кылдат текшерип, калыс баасын беришти.

Олимпиаданын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, алдыңкы орундарды ээлеген студенттерге 1, 2 жана 3-даражадагы дипломдор тапшырылды.

Иш-чаранын уюштуруу деңгээли жогору болду. Ошондой эле, келген коноктор, катышуучу студенттер жана окутуучулар үчүн ысык тамак уюштурулду. Бул сыяктуу билим таймаштары студенттердин шык-жөндөмүн өстүрүүдө жана колледждер ортосундагы кызматташтыкты чыңдоодо чоң мааниге ээ.