1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

29

«Электр энергиясы» темасында ачык сабак болуп өттү.

Сузак районуна караштуу №15 М. Юсупова атындагы орто мектебинде мамлекеттик практикасын өтүп жаткан БКМк-01-24 тайпасынын студенти Эргашова Зебо 1-а класста «Мен жана дүйнө» сабагынан «Электр энергиясы» темасында ачык сабак өттү.

Сабак учурунда окуучуларга теманы түшүнүктүү жеткирүү максатында көрсөтмө куралдар, видео сабактар колдонулду. 

1-Тапшырма: Окуучулар топторго бөлүнүп, электр жабдууларынын сүрөттөрүн тартып, боёшту. 

2-Тапшырма: Түрдүү сүрөттөрдүн ичинен электр буюмдарын тандап алып, алардын сүрөттөрүн плакатка чапташты.

Сабак кызыктуу жана интерактивдүү ыкмалар менен өтүп, окуучулар активдүү катышты. Плакаттар кооздолуп, темага ылайык даярдалды.

Ачык сабакка практика жетекчиси Жолдошова Мавлюда эжеке, куратор Пахирдинова Л., ошондой эле класстын жетекчиси катышты.