1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

50

Студенттер практика учурунда окуучуларга тарбиялык сааттарды өтүүдө. 

 Байзаков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин 2-классынын окуучулары менен  9-май  Жеңиш күнүнө карата  тарбиялык саатты ЖАМУнун педагогикалык колледжинин БКМ к-01-24 тайпасынын студенти Айбекова Нурзада  мамлекеттик практикасын өтөө учурунда  уюштурду.

Сабактын жүрүшүндө окуучулар Улуу Жеңиштин мааниси жөнүндө маалымат алышып, мекенди сүйүүгө, тарыхты урматтоого тарбияланышты. Иш-чарада окуучулар Жеңиш күнүнө арналган ырларды көркөм окуп (декламация),сахналык көрүнүштөр, патриоттук ырларды ырдап, улуттук жана заманбап бийлерди аткарышты.

Тарбиялык саат жогорку деңгээлде өтүп, окуучулардын активдүүлүгү жана чыгармачылыгы байкалды. Мындай иш-чаралар жаш муунду мекенчилдикке, эрдикти баалоого жана тарыхый эс тутумду сактоого үндөйт.