1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

43

 23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укукту коргоо күнү 

Бул майрамдын негизги максаты — китеп окууну даңазалоо, китеп чыгаруу ишин колдоо жана автордук укуктарды коргоо болуп саналат. Бүгүнкү даталуу күндү ЖАМУнун  китепканасы жана педагогикалык колледжинин студенттери менен  иш -чара өткөрүлүп, анда китеп жөнүндө учкул сөздөр, көркөм окуу, жомокторду сахналаштырып,эпостордон үзүндүлөр айтылып,  улуттук бийлер  жана комузчу кыздар өз таланттарын көргөзүп беришти. Иш – чара  катышуучуларга ыраазычылык каттар жана грамоталар берилүү менен жыйынтыкталды.